www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлзат Аалиева: «Ажо сөзүнөн жаңылбашы керек»

Ажонун «Дөөлөт шаманизмин койсун!» дегени - бул кыргыз элинин руханий маданиятынын туу чокусун шылдыңдоо. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда, NazarNews маалымат агенттигине философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиева билдирди.

«Улутум кыргыз, урааным манас! Теңирим жалгап, кыдыр-умайым (кудайым) колдосун!

2020-жылдын 12-ноябрь күнү Дөөлөт Сыдыков Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 минута тынбай «Манас» айтканда мен ар бир 2 саатта манасчы айткан сюжетти англис тилине которуп, англисче комментарий берип, кыргыз эпосун бүткүл дүйнөгө даңазалап тургам.

«Манас айылын» кооптуу рейдерлерден коргойм деп, бирок үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кетти. Ал эми ажонун ашкере диндар адвокаттарынын аракеттери менен мен соттук куугунтуктамын. Мына бүгүнкү бийликтин «Манас» эпосуна, манасчыга жана Манас таануучуга болгон мамилеси.

Ажонун «Дөөлөт шаманизмин койсун!» дегени - бул кыргыз элинин руханий маданиятынын туу чокусун шылдыңдоо эмеспи! Жалпы адамзаттын шаманизм деп аталган тарыхый ишенимин кордоого эч кимдин укугу жок!

Кыргыздын «Манасы» оюнчук эмес. Эгер ажо айткандай, манасчы Дөөлөт Сыдыков бир сөздү кайталап жаткан болсо, анда анын үнү аудио түрүндө жазылып, видеосу көрүнүп турду го, демек, журналисттер ошондо эле чурулдап чыкмак.

Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосунун салттуу жана классикалык деп табылган сюжетинен четтебей, алгач Бишкек шаарында, андан соң Москва калаасында эпосто чагылдырылган кыргыз элинин дүйнө таанымындагы төмөнкү уникалдуу аспекттерге басым жасаган:

1. КРЕАЦИОНИЗМ жана ОНТОГЕНЕЗ - дүйнөнүн Жараткан Теңир тарабынан Нурдан (рухтан, энергиядан) жаралуусу, жер каймактаганга чейинки доор (время до сотворения оформленной материи);

2. КОСМОГЕНЕЗ - жер каймактагандан кийинки доор, же материалдуу дүйнөнүн хаос абалынан миллиарддаган жылдар бою жүргөн эволюциянын натыйжасында ырааттуу, ирээттүү ааламга айлануусу (время сотворения оформленной материи);

3. АНТРОПОГЕНЕЗ - Манас атабыздын түпкү бабаларынын, айрыкча, өлбөстүккө (түбөлүк жашоого) ээ Кыдыр-ата менен Умай-эненин тарыхы;

4. ЭТНОГЕНЕЗ - кыргыз элинин калыптануу тарыхы;

5. ПОЛИТГЕНЕЗ - кыргыз мамлекетинин тарыхы, кыргыздардын саясый атрибутикаларынын маани-маңызы ж.б.

Муну менен Дөөлөт Сыдыков айткан «Манастын» негизги философиялык-дүйнө таанымдык аспекттерин атадым.

Дөөлөт Бишкекте 14 саат 27 минута «Манас» айтканда:

- кайып дүйнө (трансцендентный духовный мир) менен

- жарык дүйнөнүн (материалдуу дүйнөнүн, же 72 миң ааламдын)

Кудурети күчтүү Жараткан Теңирдин ак батасынан жаралганынан башталып, өспүрүм Манас баатырдын өзү төрөлүп-өскөн Алтай жеринен ата-бабасы жердеген Ала-Тоого жөнөгөн жеринен токтогон.

Москвада болсо 5 күн, же 111 саат «Манас» айтылып, анда кайып дүйнө менен жарык дүйнөнүн жаралуусунан башталып, Манас атабыз Бээжинди (Пекинди) алып, ал жерге кыргыздын туусун орноткону менен аяктаган.

Москвада айтылган «Манаста»

- Манас-атанын дүйнөдөн өтүшү, о.э. үчилтиктин

- «Семетей»,

- «Сейтек» бөлүктөрү айтылган жок.

Бул бөлүктөр айтылыш үчүн 5 күндөн алда канча көп убакыт талап кылынмак.

Дөөлөт Сыдыков айткан «Манаска» эксперт болуп, терс баа берүүгө дене тарбия (физкультурный) институтун сырттан окуп бүтүргөн Садыр Жапаровдун расмий компетенциясы да, моралдык укугу да жок.

Мындай уникумду кордогон жана кордоткон пенделер убактылуу, ал эми кыргыз эли, «Манас» эпосу жана анын уникалдуу мазмуну - түбөлүктүү экени эстен чыкпасын!», - деди Аалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости