www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркияга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Акорда билдирди.

«Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга мамлекеттик сапар менен барды. Түркиянын борбору «Эсенбога» эл аралык аэропортунда Казакстандын лидерин Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, Анкара губернатору Васип Шахин тосуп алды», — деп айтылат маалыматта.

Анкарага эки күндүк иш сапарынын алкагында Түркиянын президенти менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр, казак-түрк бизнес форумуна катышуу жана түрк бизнесинин капитандары менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости