www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ичимден сызып жашап келем

Эч кимди бала жытына зар кылбасын. Турмушка чыкканыма жакында 4 жыл болот. Кош бойлуу боло албай, ушунчалык сыгылып, кыйналып жүрөм.

Жолдошум да жакшы, аны жоготкум келбейт. Кайын журтум тараптан да “төрөбөйсүң, андай-мындай” деген сөздөр айтылбайт.

Төрт жылдан бери сыртымдан билдирбеген менен жандүйнөм ооруп, кыйналып жүрөм. “Баланчанын келини төрөптүр”, “тиги неберелүү болуптур” десе, өзүмдү коёрго жер таппай калам.

Күндүзү эл менен аралашып анча билинбейт, кечинде ыйлай берип көз жашым калбады. Кыздар, турмушка чыгарда бир сыйра дарыгерге көрүнүп, баары жакшы болсо, турмушка чыккыла. Жашоодо эң жаманы күтүү экен...

Булак:Азия News гезити

Последние новости