www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Байке" деген сөздүн маанисин профессор Гүлзат Аалиева төмөнкүчө түшүндүрөт.

"Байыркы тилде "бай" деген сөз
- тирөөч,
- таяныч, 
- жөлөк,
- негиз,
- жалгыз,
- ыйык, деген маанилерди туюнткан. 

Ошол себептен, адамдын жашоодогу материалдык таянычы, тиреги, жөлөгү "байлык" деп аталат.

Үйдүн өтө бекем тирөөчү "байдубал", же "пайдубал" болот. 

Нарктуу жубайлар бирин-бири:

- "байым" (тирегим, таянычым, жөлөгүм, жалгызым, ыйыгым), 
- "байбичем" (бай + бийке (бике) - королева, царица) деп аташат. 

Жөнөкөй теректи "терек", ал эми асман менен жердин ортосуна тирөөч болгон мифологиялык теректи "байтерек" деп аташкан. Азыр казактар Астана шаарына Байтерек куруп алганы бекер жерден эмес. 

Байыркы тилде "таза", "тазалыктуу" дегенди "пак", "пакиза" деген түшүнүк аркылуу туюнтушкан. Ошол түшүнүктүн башына "бай" сөзүн коюу аркылуу "байпак" (тазалыктын негизи) деген сөз жасалган. 

Байыркы кездеги "пак", "пакиза" сөзү унутулган менен ал "байпак", "калпак" деген сөздөрдө сакталып калган. 

Ош шаарынан чыккан Бабур аттуу залкар жердешибиз Афганистандан Индияга чейинки эбегейсиз зор аймакты багынтып, Улуу Могол мамлекетин түзгөн. Бул мамлекет англиялык колонизаторлор келгенче 400 жыл Индияны башкарып турган. 

Кийин, 1947-жылы, англиялык колония ураганда Бабурдан ислам динин кабыл алгандар өздөрүнчө бөлүнүп чыгып, Пакистан (таза өлкө, таза диндин өлкөсү) деп аталган мамлекет жаралган. 

Демек, "байке" деген сөз "аке" (ак + ээ) деген сөздөн да терең жана сакралдуу мааниге ээ. 

Байкелерибиз бар болсун! Ар бир байке жалпы журтка мифологиялык Байтерек сымал арка-бел, аска-зоо, тирөөч болуп берсин!", - деп жазды Аалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости