www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манастын мамлекетине манасчы батпай калган кор заман", дейт философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиева.

Ага кошумча, "акыркы 30 жылда бир да манасчы Айкөл Манастын мамлекетинен куулуп, бир да илимпоз Манас таануучу соттук куугунтукка алынган эмес, Edil Baisalov мырза", деп кошумчалады.

--Бул жагдай Манас баатырдын көзү өткөндөн кийин Бакай атаны желкесин тилип, кулга айланткан, Каныкей энебизди куугунтуктаган Абыке менен Көбөштүн кордугун элестетет. 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

Дөөлөт Сыдыков алгач Бишкек шаарында, анадан соң Москва калаасында "Манас" эпосунда чагылдырылган кыргыз элинин дүйнө таанымындагы төмөнкү уникалдуу аспекттерге басым жасаган эле:

1. Креационизм жана онтогенез (дүйнөнүн Теңир тарабынан Нурдан жаралуусу, жер каймактаганга чейинки доор),

2. Космогенез (жер каймактаганга кийинки доор, же материалдуу дүйнөнүн каймак (хаос) абалдан ырааттуу, ирээттүү ааламга айлануусу),

3. Антропогенез (Манас атабыздын түпкү бабаларынын, айрыкча, Кыдыр ата менен Умай эненин тарыхы),

4. Этногенез (кыргыз элинин калыптануу тарыхы),

5. Политгенез (кыргыз мамлекетинин тарыхы, кыргыздардын саясый атрибутикаларынын маани-маңызы) ж.б.

Мындай уникумду кордогон жана кордоткон пенделер убактылуу, ал эми кыргыз эли, "Манас" эпосу жана анын уникалдуу мазмуну - түбөлүктүү экени эстен чыкпасын! - дейт Аалиева.

Эске сала кетсек, залкар манасчы, “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин директору Дөөлөт Сыдыков “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин чуусунан улам жумушун өткөрүп берип, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Азырынча кайсы өлкөгө чыгып кеткени белгисиз.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости