www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Канышай Мамыркулова манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Кыргызстандан чыгып кетүүсү боюнча өзүнүн пикирин билдирди.
"Дөөлөт Сыдыков журт которду дегенде төбө чачым тик турду. Дөөлөт Сыдыков манасчы эмес жөнөкөй жаран көтөрө албай турган жагдайга кептелип калды. Ал эми Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсаловдун манасчыга карата айткандары бул - түркөйлүк, сабатсыздык", - деди Мамыркулова.
Эске сала кетсек, буга чейин “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып, аталган комплекстин директору, залкар манасчы Дөөлөт Сыдыков чукул кайрылуу жасаган. Андан көп өтпөй, залкар манасчыны басып алып жаткан топ кысымга алып, коркутуп жатканы белгилүү болгон.
Ошол эле күнү президенттин маалымат кызматы комплекстин жер тилкеси президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык экенин билдирип, ал жайгашкан жердин беш сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатканын айткан. Бирок, 5 сотых эмес, андан көп жерди алып жатышканын Сыдыков билдирген.
Көп өтпөй мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасы жайгашкан жерде салына турчу Ак үй тууралуу үн каткан.
Булак: NazarNews.kg