www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиева социалдык тармакта өзүнө карата айтылган сындарга жооп берди.

«Ашепке радикалдуу динчилердин бир ууч тобунда жүргөн адвокат Аида Абдрахманованын мындан 2-3 күн мурда Facebook'ка чыккан Манас таануучу Гүлзат Аалиева тууралуу постунда «Бизге факт керек» деген сураныч түрүндөгү «фас!» командасы менен Өзүбек Чотонов, Турсунбай Бакир уулу, Дүйшөн Абдылдаев баш, ырчы Гүлнур Асанова төш болуп мени жалган жалаа жапкан фейк маалыматты факт катары көтөрө чаап, мени катуу рекламалап калышты.

Постко тиркелген «Теңирчиликте аял менен аял, эркек менен эркек үйлөнсө болот» деген мазмундагы скриншоттогу фейк маалымат көрсөтүп тургандай, менин профилим менен чагым жасоону абдан каалашкан.

Бирок, «а» дегенде эле сөз болуп жаткан фейк маалыматтагы сүйлөм адабий тилдин нормаларына ылайык түзүлгөн эмес. Муну каалагандай тилчи эксперт далилдеп берет, эмнегедир мага таандык делген чагымдуу пост репост кылынган эмес, Умай энебиз Кыдыр атанын коштоосу жок, жалгызсырап калган.

Мынча аракет кылгандан кийин адабий тилди мыкты билген жана адабий тилде мыкты жазган бирөөнү жалдаса жакшы болмок.

Мисалы, өз тамырынан аша кечкен, кыргызды саткан жана чоочунга сатылган ашепке радикал динчилердин арасында сабаттуулар болбосо керек. Эми, мынча болду, эркек менен эркек,  аял менен аял кайсы динде, кайсы ишенимде, кайсы маданиятта үйлөнгөнүнө кыскача токтоло кетели.

«Күнөө» («грех») түшүнүгүнө таянган семит диндеринин ыйык китептери болгон Тора, Библия жана Куран боюнча адамзатты топон суудан сактап калган Ной (Нук) пайгамбардын төмөнкү 3 уулунан адамзат кайрадан өз жашоосун улантат:

1. Сем - андан семит элдери (еврейлер менен арабдар),

2. Хам - андан хамиттер (африкалык элдер),

3. Яфес, же Яфит - андан аруу элдери (арийцы, же байыркы шумерлер, байыркы гректер, римдиктер, германдыктар, славяндар, перстер, түрк тилдүү элдер, япондор ж.б.) жаралышат.

Тора менен Библия боюнча Ной пайгамбардын Хам деген уулу өз атасын зордуктап коет. Кийин Хамдын жосуунсуз жоругун анын уулу Ханаан улантат. Ошондо Ной пайгамбар Хамдын урпактарын «кул болгула!» деп каргап коет. Ошол себептүү «хам», «хамство» түшүнүктөрү жаралат. Хамство деп маданий тыюу салууларды четке каккан адамды, же көрүнүштү аташат (орусча: пренебрежительное отношение к культурным запретам).

Ислам дининде болсо Нук пайгамбардын уулу Хам тууралуу кенен-кесири айтылганы менен анын жогорудагыдай жосуунсуз жоругу тууралуу маалымат жок. Ошол эле мезгилде ислам дини жайылган мамлекеттерде, мисалы, Кокон хандыгы менен Афганистанда, кеңири жайылган бачабаздык кубулушун ислам дини тыя да, жок кыла да алган эмес.

ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАРДА лезби кубулушу мусулман динин туткан султандардын гаремдеринде өнүккөн. Анткени, көзгө басаар султанды айлап-жылдап күткөн шордуу кыздар, акырындык менен, өз ара бирин бири эрмектей баштаган.

Кыргыз эли миңдеген жылдар бою тутуп келген Теңир ишенимин чагылдырган тарыхый булактарда, «Манас» эпосу баш болгон фольклордук жана этнографиялык материалдарда гей, бачабаз жана лезби сыяктуу шойкомдуу кубулуштар таптакыр кездешпейт.

Эмнегедир кыргыз болгусу келбеген кыргыз элине лезби менен гейди кара күчкө сала чаптап келишет.

Ошол эле учурда, «каапыр» атыккан кытай, грек, орус ж.б. улуттагы изилдөөчүлөр, тарыхчылар, саякатчылар Теңир ишенимин туткан байыркы бабаларыбызда бачабаздык менен лезбилик сыяктуу нарксыз наадандыктар жок экенин, көчмөн кыргыздар «аруулук» (орусча: «превосходная форма физической и моральной чистоты») деп аталган бийик принцип менен жашаарын жазышкан.

ТАРЫХКА ТАЯНСАК, 72 миң Ааламдын жасаган теңдеши жок Жаратканды кыргыз тилинде «Теңир» деп аташат. Кыргыздын «Теңир» сөзү «тең» (равенство, баланс) жана «ири» (великое, колоссальное) деген сөздөрдөн куралган. Анткени, Теңир бүткүл ааламдагы

ак менен каранын,

өмүр менен өлүмдүн,

эркек менен аялдын,

рух менен материянын,

жаңы менен эскинин,

жакшы менен жамандын ж.б. карама каршылыктардын Улуу Теңдиги менен Улуу Балансын сактап турган жападан жалгыз кудуреттүү күч

Семит диндеринин олуттуу делген булактары боюнча адамзаттын түпкү ата-энеси болуп еврей улутундагы Адам менен Ева (Хава) саналат. «Манас» эпосунда Адам менен Ева (Хава) тууралуу кылайган маалымат жок.

Тескерисинче, «Манас» эпосунда жана аруу элдерине (германдыктарга, славяндарга, түрк тилдүү элдерге ж.б.) таандык фольклордо кишизатынын түпкү ата-энеси болуп касиеттүү Кыдыр ата (Кызыр, Хидр, Хизр, Кадыр, Кедар, Цезарь, Сесар, Кесарь, Гэсер, Сар, Сар(аон), Фар(аон), Царь, Георгий) жана касиеттүү Умай эне (Ымай, Май, Майя) болгону айтылат.

Семит диндериндеги пенделик турмуш кечирген 124 миң пайгамбарлардан айырмаланып, аруулук принцибин бекем туткан, идеалдуулуктун жана эркек менен аялдын тең укуктуулугунун символу болгон, өлбөс жашоо кечирген Кыдыр ата менен Умай эне эч качан оңго-солго баскан эмес, утурумдук чапма нике сыяктуу өйдө-ылдый жосуундарды кылган эмес.

Белгилей кетсек, скриншоттордон көрүнүп тургандай, Манас таануучу Гүлзат Аалиеваны каралоо максатында Гүлнур Асанова чындыкка дал келбеген фейк маалыматты соцтармакка уу-дуу кыла таратканын коомчулук салттуу ислам дининин этикасы менен кыргыздын сакралдуу (ыйык, касиеттүү) дүйнөсүнө болгон тарыхый жана кылмыштуу кол салуу катары баалап, өтө кыжырдануу менен кабыл алууда.

Өз ата-тегибиздин аманат ишенимин ар кыл пастыктар менен кордоп эмне пайда табабыз? Ойлонбойлубу, кыргыздар!", - деп белгилеген Аалиева.

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости