www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2022-жылдын жай айларында россиялыктар арасында эң популярдуу чет элдик аба багыты болуп калды. Бул тууралуу “Туту.ру” саякат аналитикалык кызматынын маалыматы тастыктайт, деп билдирет ТАСС.

Изилдөөгө ылайык, жүргүнчүлөрдүн 17,9%ы саякаттоо үчүн Кыргызстанды тандашкан. Билеттин бир тараптуу орточо баасы 10,5 миң рублди түзүп, бул 2021-жылга салыштырмалуу Кыргызстанга билеттин баасы 21%га кымбаттаганын билдирет. Популярдуулук боюнча экинчи орунда Тажикстан турат. Ал жакка билет алгандар 17,7%ды түзгөн. Билеттин орточо баасы 10,1 миң рублди түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 49%га арзан.

"Чет өлкөлүк багыттардын ичинен эң көп суроо-талапка төмөнкү өлкөлөр ээ болууда: Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан жана Беларусь", - деп баса белгиледи компания.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости