www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голландияда түрмөлөр жабылууда а биздечи?

Калкынын саны 17 миллиондон ашык, Голландия мамлекетинде элестеткиле түрмөлөр жабылууда, Бул эмнени билдирет? Бул деген кылмыштуулук азайып жаткандыгынын белгиси. Алсак 2004-жылдан баштап бул мамлекетте кылмыштуулук азайып, түрмөлөр жабылып баштаган.

Себеби Голландиядагы мыйзамдар өзгөчө. Мисалы, наркотикалык заттарды колдонгон адамды камабай дарылоо жана ал затка көз каранды эмес кылуу иштери жүргүзүлмөкчү.

Андан тышкары кылмышкерлердин колуна электрондук браслет кийгизишип көзөмөлдөп турушат. Бул ыкма менен алар коомчулукка пайдасын тийгизип, иштей алышат. Азыркы учурда Голландияда 19 жазаларды аткаруу мекемеси жабылды, дагы жыл аягына чейин 5 мекеме жабылары белгилүү болду. 17 миллион жараны бар мамлекеттин 11 миң жараны эле түрмөдө экен.

Мындай статистика дүйнө жүзүндө жок. Биздин мамлекетте тескерисинче түрмөлөр салынууда. Бизде 6 млн. жараныбыздын 10 миңге жакыны жаза мөөнөтүн өтөп атышат. Келечекте бизде да түрмөлөр жабылар. Жакшылыктан үмүт үзбөйлү.

Булак: “Факты.kg”

Последние новости