www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голливуд жылдызы Том Круз жана ишкер Илон Маск "NASA" менен биргеликте революциялык долбоор боюнча иштей башташты. Алар укмуштуу окуялар кинотасмаларды ачууга жол ачты. Бул тууралуу «Deadline» журналы билдирди.

Эгерде долбоор ийгиликтүү болсо, анда космоско тартылган биринчи фильм болот. Белгилүү болгондой, Том Круз эч качан каскадерлордун кызматын пайдаланбайт жана бардык амалдарды өзү аткарат. Ошентип бул тасма анын карьерасынын туу чокусу болушу мүмкүн. Ал ортодо НАСАнын директору Джим Брайденстайн Twitterдеги расмий баракчасында сенсациялуу кабарды ырастады.

"NASA Том Круз менен космостук станцияда тартыла турган фильмде иштөөгө кубанып жатат! Популярдуу ЖМКлардын жардамы менен биз жаңы муун инженерлерин жана илимпоздорун биздин даңктуу планыбызды ишке ашырууга шыктандырышыбыз керек ", - деп жазган Брайденштейн.

Сарвар уулу Анвар

Булак: NazarNews.kg

Последние новости