www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Айдагы пайдалуу ресурстарды казуу боюнча эл аралык долбоордун үстүндө иштеп жатканын, келишимдин катышуучуларынын арасында Орусия жок экенин Reuters агенттиги жазып чыкты.

Документ "Артемида келишими" (Artemis Accords) деген атка ээ болгон. 

Трамптын администрациясындагы жогорку кызматтагы чиновник АКШ келишимди Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) эмес, өз алдынча иштеп чыгууну чечкенин билдирген. Жакынкы апталарда Кошмо Штаттар келишимди өнөктөш өлкөлөргө сунуштайт. Алардын арасында Канада, Жапония, Бириккен Араб Эмираттары жана Европа өлкөлөрү бар. NASA менен Эл аралык космос станциясынын негизги өнөктөшү болгон Орусия сүйлөшүүлөргө чакырылбайт.

Эске сала кетек, АКШ президенти Дональд Трамп 6-апрелде коммерциялык максатта Ай, Марс жана башка астрономиялык объектилердеги ресурстарды иштетүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. "Роскосмос" бул аракетти "космос мейкиндигин басып алуу" деп атаган.

1979-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында “Айдагы жана башка астрономиялык объектилердеги ишмердүүлүк” жөнүндө келишим кабыл алынган. Ага 18 өлкө кол койгон. АКШ менен Орусия алардын арасына кирбейт. Бул документке ылайык, Ай жалпы адамзаттын байлыгы деген макамга ээ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости