www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун аймактык директору Даниел Сингер кыргыз чиновниктерин коронавирустук инфекцияга каршы аракеттери үчүн мактады.
Анын айтымында, республика "абдан жакшы иштеп жатат".Сингер белгилегендей, бул жааттагы иштин сапаты сапарлардын санына, автоунаа колдонуучулардын санына жана дүкөндөргө келгендердин санына таасир этет. Ошондой эле ал калк карантин эрежелерин толугу менен аткарып жаткандыгын баса белгилеген.
"Жалпысынан, Кыргызстан башка мамлекеттерге караганда жакшы иштерди жасап жатат",-деди ал. "Демек өкмөт үйдө калуунун зарылдыгын жана илдетке каршы аракеттерди түшүндүрүп бере алды”,-деп кошумчалаган Сингер.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 871 коронавирус фактысы аныкталды. Оорулгандардын ичинен 614 айыгып, 12 адам көз жумган. Колдо болгон бейтаптардын саны 245 адамды түзөт.
Нуруллох Шарипов, Ташкент
Булак: NazarNews.kg