www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-майда КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков социалдык баракчасына колунан жарадар алганын кабарлап, анын сүрөтүн жарыялады. “Ранил руку” деп таңылган колун көрсөтүп, табышмактатып, тымызын бийликке шылтагандай түр жаратты. Бирок, бул боюнча башка сөз айтпады. Бул тууралуу Беспредел kg-кр жазып чыкты.

На изображении может находиться: один или несколько человек и текст

Эгер Темирлан Султанбековдун бир тал чачы кимдир-бирөө тарабынан түшүп калса деле кыйкырып чыкмак. Ушундай шылтоону издеп жүргөн неме көрсө колуна АШАнын уулунан бычак жептир.

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, 3-май күнү Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков АШАнын үйүндө “майрамдаган”. Атамбаев айткандай “агынан” ашыра ичип алган немелер, сөз кызыгында пикирлери келишпей, кайым айтыша баштайт. “Сен үйлөнсөң тоюңа катышпаймын, эркек эмес экенсиң” деген сөздөр кимиси тарабынан айтылганын тактай албадык. Бирок Кадырга ачуу сөз айтып Темирлан ары караганда АШАнын “очкарик” уулу колуна ашкананын бычагын сайып жиберет. Султанбеков чочкодой айкырганда жеке күзөтчүлөр жетип келет. Эс-учун жоготкончо ичкен “боз балдарды” араң ажыратып, асман жара кыйкырып шолоктогон Темирланды сууга салып жүрүп соолуктурган дешет. Орозонун куттуу күнүндө чырдашкан “достордун” бул жоругу түрмөдө жаткан Атамбаевге жетти бекен?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости