www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин ЛГБТ мүчөлөрүнө кайдыгер эмес. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда Орусиянын лидери өз пикирин Орусиянын Юстиция министрлиги "ЛГБТ эл аралык коомдук кыймылын" экстремисттик деп таанууну сунуштап, Жогорку сотко кайрылган маалда айтты.
Путин эл аралык кинофестивалдарда, мисалы, анын ичинде "Оскар" сыйлыктарын алыш үчүн авторлор ЛГБТга колдоосун билдирүүгө милдеттүү экенин айтты. Ал Батышта жеңишке жетүү үчүн "сексуалдык азчылыктардын, трансгендерлердин жана башка жыныстык багытын өзгөрткөндөрдүн жашоосун айтып, жазып, көрсөтүүсү керек", - деди.
Орусияда 2022-жылдын декабрынан бери ЛГБТны пропагандалоого тыюу салган мыйзам иштейт. Ага ылайык ЛГБТны колдогон иш-чара гана эмес, сөз айткандарга да жаза каралган. Кыргызстанда дагы ЛГБТга каршы пикирлер айтылып келет. Айрым депутаттар бул жаатта мыйзамдарды катаалдатуу керек деп эсептешет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg