www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Картошка Өзбекстанга сатылмай болду

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын дыйкандары Өзбекстанга картошка экспорттоого мүмкүнчүлүк аларын Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү билдирди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, ири өлчөмдө картошка жөнөтүү тууралуу келишим Кыргызстандын бул өлкөдөгү соода өкүлү Алмаз Темирбеков жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Келишимде жалпы 1000 тонна тууралуу жазылды, алгачкы партия лабораториялык экспертиза аяктагандан кийин жөнөтүлмөй болду.Быйыл Кыргызстанда картошканын түшүмү мол болуп, дыйкандардын колунан түз сатып алганда 15 сомдон алып кетип жатышты. Бир ай мурда Бишкектин дүң базарларында анын килограммы 20 сомдон болуп жаткан, азыр 30-35 сомго чыкты. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости