www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай 2027-жылдан тартып Tesla жана башка көптөгөн электромобилдерде кеңири колдонулган жашыруун (чыгып-кирип туруучу) эшик туткаларын колдонууга тыюу салат. Бул тууралуу Arab News жазды.

Кытайдын Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлиги дүйшөмбү күнү жарыялаган маалыматка ылайык, унаалардын бардык эшиктери (арткы жүк салуучу эшиктен тышкары) механикалык жол менен ачылуучу туткалар менен жабдылышы керек.

Расмий өкүлдөр бул чечим коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынганын билдиришти. Айрым өлүмгө алып келген жол кырсыктарында электрондук эшик системалары иштебей калып, жүргүнчүлөр унаанын ичинде камалып калган учурлар катталган.

Жаңы талаптар ички жана сырткы эшик туткаларына карата 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ал эми мурда эле бекитилген унаа моделдери үчүн автокомпаниялар 2029-жылдын 1-январына чейин конструкциясын өзгөртүп, жаңы эрежелерге ылайык келтириши керек болот.

Бул талаптар Tesla Model Y жана Model 3, BMW iX3 сыяктуу моделдерге, ошондой эле көптөгөн кытай бренддерине таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени аларда чыгып-кирип туруучу эшик туткалары колдонулат.

Шанхайдагы Omdia изилдөө жана консалтинг компаниясынын улук аналитиги Крис Лю жаңы эрежелердин дүйнөлүк таасири чоң болушу ыктымал экенин, башка өлкөлөр да Кытайдын жолун жолдошу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, автокомпаниялар кымбатка турган кайра долбоорлоо же модернизация иштерине туш болушат.

«Кытай электрдик чыгып-кирип туруучу жана жашыруун эшик туткаларын улуттук коопсуздук стандарты аркылуу түздөн-түз тыюу салган биринчи ири авто рынок болду», — деди ал. «Башка аймактарда да коопсуздук маселеси көтөрүлүп келген, бирок аны мыйзамдык деңгээлде бекиткен алгачкы өлкө — Кытай».

Лю ошондой эле Европа жана башка мамлекеттердин жөнгө салуучу органдары да Кытайдын тажрыйбасына таянышы же аны ээрчиши мүмкүн экенин белгиледи. Жаңы талаптар өзгөчө премиум класстагы электромобилдерге көбүрөөк таасир этет, анткени мындай туткалар «дизайн жана аэродинамика элементи» катары каралып келген.

Белгилей кетсек, сунушталган эрежелердин долбоору Кытайдын Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлиги тарабынан өткөн жылдын сентябрь айында коомдук талкууга коюлган.

Последние новости