www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-февралда Венесуэланын борбору Каракас шаарында миңдеген адамдар АКШ тарабынан кармалган президент Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорести бошотууну талап кылып, массалык нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Al Jazeera маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка ылайык, акция АКШ күчтөрү тарабынан Венесуэла жетекчилигинин кармалышына бир ай толушуна байланыштуу уюштурулган. “Гран Марча” (“Улуу жүрүш”) деп аталган иш-чарага чыккан жарандар “Венесуэлага Николас керек!”, “Аларды кайтарып бергиле!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп, борбор калаанын негизги көчөлөрү менен жүрүш өткөрүштү.

Нааразылык акциясына президенттин уулу, Улуттук ассамблеянын депутаты Николас Мадуро Герра да катышып, эл алдында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын бул аракетин Венесуэланын суверенитетине түздөн-түз коркунуч катары баалады. Анын айтымында, бул окуя өлкө тарыхындагы эң оор учурлардын бири болуп саналат жана эл аралык укуктун негизги принциптерин бузат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, бул демонстрация Мадуро менен Флорести бошотууга чакырган “глобалдык аракеттер күнү” алкагында өтүп, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө да Венесуэланы колдогон акциялар уюштурулган.

Ошол эле учурда Венесуэлада убактылуу президенттин милдетин аткарып жаткан Делси Родригес АКШ тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалды. Ал өлкөдө саясий реформаларды ишке ашыруу, саясий туткундарды бошотуу жана экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгилеген.

Жамшидбек Амиров, Ташкен

Мындан мурда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Венесуэланын аба мейкиндигин жакын арада ачуу маселеси каралып жатканын билдирип, Делси Родригес менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан. Анын айтымында, АКШ Венесуэлага карата соода жана жарандык авиация каттамдарын жандандырууга даяр экенин билдирген.

Последние новости