www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-майда Гонконгдун Козуэй-Бей аймагында коопсуздук мыйзамына каршы демонстрацияга чыккандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. "Саут Чайна морнинг пост" гезитинин маалыматына караганда, нааразылык акциясына жүзгө жакын адам чыккан, уюштуруучулардын бири кармалды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Гонконгдогу нааразылык акциясы жума күнү улуттук коопсуздук боюнча Бээжин сунуштаган жаңы мыйзам 22-майда Эл өкүлдөрүнүн Улуттук конгрессинин күн тартибине киргенден кийин болду. Гонконгдогу оппозиция расмий Бээжиндин бул кадамы автономиянын беделине шек келтирет деп айтып чыгышкан.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайтарылган. Бириккен Улуттар Уюму менен макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишүүгө укугу жок.

Кытай Гонконгду Британиядан кайтарып алып жатканда “бир өлкө, эки система” формуласы боюнча башкара турганын убада калган. Бул формула социалисттик өлкөнүн курамындагы Гонконгдо демократия кепилденет дегенди түшүндүрөт.

Былтыр жайында кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна нааразы болгон миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышкан. Элдин каршылыгынан улам документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон эмес. Жергиликтүү калк автономиянын башчысы Кэрри Лэмдин кызматтан кетишин жана акциялар маалында камалгандардын чыгарылышын талап кылууну коронавирус пандемиясы башталгыча улантышкан.

2019-жылдын жайында демонстрацияларга 2 миллиондой адам чыккан күндөр болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости