www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ өкмөтүнүн Украинаны колдоо үчүн акча жөнөтүшү — салык төлөөчүлөрдүн акчасын жөн эле коромжу кылуу. Мындай билдирүүнү республикачы, АКШнын Өкүлдөр палатасына Аризонадан мүчө болгон Пол Госар социалдык тармактагы баракчасынан жасаганын РИА Новости жазды.

"Былтыр Зеленский мамлекеттик кызматкер болуп туруп жүз миллион доллар иштеп тааптыр. Украинага деп айтылып жаткан 40 миллиард доллардын басымдуу бөлүгү каякка кетет деп ойлойсуңар? Бир да цент бербешибиз керек", — деп жазган конгрессмен.

Саясатчынын айтымында, АКШ президенти Джо Байден Орусия менен прокси-согуш ачууга бел байлап жатат. Госар мындай кадам Америка үчүн кесепети дүйнөлүк масштабда чагыла турган катачылык болорун жазган.

"АКШ өкмөтү ички саясатка көңүл бурушу керек: мамлекеттик карыз, инфляция, иммиграция маселесин чечиши зарыл", — деп жазган Госар Киевге жардам берүүгө каршылыгын түшүндүрүп жатып.

Эскерте кетсек, буга чейин Өкүлдөр палатасы Украинага кошумча жардам көрсөтүүгө макул болуп, мыйзам долбоорун сенатка жөнөткөн. Кечээ Кентукки штатынан сенатор Рэнд Пол мыйзам долбоордун жогорку палата тарабынан кабыл алынуу процессин блоктоп койгон. Анын айтымында, ушу тапта АКШ өз бюджетин садага чаап, дүйнөлүк жандармдын ролун ойной албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости