www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузияда өткөн нааразычылык акциясында 27 адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Грузияда Борбордук шайлоо комиссиясына нааразы болгон адамдар митинг өткөрүшкөн. Акциянын катышуучулары полиция кызматынын унаасын чыгымга учураткан. Мындан улам полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

"Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 19 адам кармалды. Ошондой эле 14 укук коргоо органы, 3 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлү жана 10 акциянын катышуучусу ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алды", - деп жазылат маалыматта.

Грузия оппозициясы 31-августта өткөн шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгышкан. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тамар Жванияны отставкага кетүүсүн жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен чыгышкан.  

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости