www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Улуу Британиянын канышасы Елизавета II коргонуу бет кабын кийип эл алдына биринчи жолу чыкты. Маалыматка ылайык, ханыша 4-ноябрда Вестминстер аббаттыгында белгисиз жоокердин сөөгүн коюунун 100 жылдыгына арналган салтанатта сүрөткө түшкөн. Сүрөттү Букингем сарайы бир нече күндөн кийин жарыялаган.
Буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II коомдук жайларда коргоочу масканы кийбегендиги үчүн сынга алынган. Ал эми Британиянын ханзаадасы Уильям коронавирусту апрель айында жуктуруп алгандыгы жана аны коомчулукка жарыялаган эмес деп билдиргенбиз.
Эске салсак, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Коронавирустун Улуу Британияда жайылышына байланыштуу 5-ноябрдан 2-декабрга чейин жаңы чектөөлөрдү жарыялаган. Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир миллиондон ашты, анын ичинен 49 миңден ашууну инфекциядан көз жумган.
Рушана Султонова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg