www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11–13-июнь күндөрү Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келет.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп, кыргыз-грузин эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактар боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук базаны чыңдоого жана практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Белгиленгендей, бул сапар тарыхый мааниге ээ болуп, дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия Өкмөтүнүн башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болот.

Последние новости