www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктарынын мобилдик топтору өлкө аймагындагы автоунаа жолдорунда жылуулук режиминин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 1-июндан 9-июнь саат 13:00гө чейин республика боюнча жылуулук режимин бузууга байланыштуу 41 укук бузуу фактысы катталган. Анын ичинен 38и жеке жактарга, 3ү юридикалык жактарга тиешелүү.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам талаптарын бузгандарга жалпысынан 830 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Мындан тышкары, 9-июнда Чүй айланма автоунаа жолунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө дагы 8 укук бузуу фактысы аныкталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оор жүк ташуучу унаалардын ээлерин жана ташуучуларды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана алардын кызмат мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген жылуулук режиминин талаптарын так сактоого чакырды.