www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Облустун, ага тете борбордун жетекчилери тууралуу сөз кылсак, алар “курсактары менен сүзүшсө” мамлекет жетекчисине чейин жетет экен. Усубалиев Фрунзенин “горкомунан”, Масалиев Ысык-Көлдүн обкомунан республика жетекчиси болушкан. Бакиев Чүйдүн губернаторунан, Жээнбеков Оштун губернаторунан президент болушкан.
Губернатордон өкмөт башчысы болгондор Апас Жумагулов, Насирдин Исанов (облисполком), Борис Силаев (Бишкек мэри), Кубанычбек Жумалиев, Жумабек Ибраимов (Бишкек мэри), Амангелди Муралиев (Бишкекгорисполком), Курманбек Бакиев, Феликс Кулов (Бишкек мэри), Жантөрө Сатыбалдиев, Сооронбай Жээнбековдор.
Совет учурунда Султан Ибраимов, Матен Сыдыков, Жумгалбек Аманбаев, Үсөн Сыдыков деген залкар обком чалдар болот эле. Эгемендүүлүк алганы: Ташкул Керексизов, Аскар Салымбеков, Алмазбек Акматалиев, Жусупжан Жээнбеков, Бектур Асанов, Мамат Айбалаев, Аскар Шадиев, Айжигитов, Туйгуналы Абдраимов, Кемел Ашыралиев, Сааданбеков, Сагынбек Абдрахманов, Бейшен Болотбеков, Бекболот Талгарбеков, Жаныш Рустенбеков, уйкучу Кыянбек Сатыбалдиев, Торпокбай Жылкыбаев, Карабаш Сарыбашев сыяктуу губернаторлордун тизмеси толуп кетти.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg