www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыныгы элиталар кимдер?

Алгач элита деген сөзгө түшүндүрмө берели. Адамдарга тийиштүү болгондо, ал адамдарда кандай сапаттар болушу керек? Элита сөзүнүн түпкү мааниси боюнча маалымат алып, анан бүгүнкү күндүн элита болчу адамдары менен салыштырып көрөлү.

Элита (фр. elite «тың чыкмалар», «таңдалмалар», «эл жакшылары» маанисинде) - кеңири мааниде ар кандай социалдык, этностук, кесиптик топтун мыктылары, лидерлери. Tap маанисинде - ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө - саясатта, идеологияда, чарбалык турмушта, маданият тармагында алдыңкы, көрүнүктүү абалды ээлеген адамдар жана топтор.

Коомдогу башкаруу, илимди жана маданиятты өнүктүрүү функциясын ишке ашыруучу жогорку артыкчылыкка ээ болгон катмарлар. Элита теоретиктери анын болушунун себебин ага кирген кишилердин табигый мыктылыгынан көрүшөт. Элитанын негизги беш түрүн көрсөтүшөт: саясий, экономикалык, административдик, аскердик жана идеологиялык. Алгачкы общиналык коомдун шартында мыктылар өздөрүнүн жеке сапаттарыменен көзгө көрүнгөндүктөн социалдык топто, урукта, урууда элиталык статустун мураска калтырылышы мүмкүн эмес эле. Алгачкы общиналык коомдун бузулушунун жана таптык коомдун (мамлекеттин) калыптанышынын жүрүшүнө жараша алгач урук- уруу башчылары, кийинчерээк үстөмдүк кылуучу топтор элиталык ролду монополиялаштыра (ээлеп алуу, үстөмдүк кылуу) баштайт. Бул тенденция социалдык мобилдүүлүгү эң начар болгон орто кылымдардагы коомдук түзүлүштө өнүгүү чегине жеткен, деп "Ачык сөз" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости