www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубатбек Байболов «кидальщикпи»?

«Кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей, минтип экс-баш прокурор Кубатбек Байболовдун алдамчылык иштери ачыла баштады. Мындан дээрлик он жыл мурда Аскар Салымбеков менен Кубатбек Байболов «Оберон» базарын талашып, эки дос эки башка жолго түшкөнүн билебиз. Анда байлыгы ашып-ташкан Салымбеков базарды берип, жаны тынган.

"Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?" дегендей, кыныгып калган экс-прокурор баягы көнгөн адатын салып, бул жолу ашыкча оокаты жок карапайым жаранды 103 миң 200 долларга «кидать» эткен.

Эмесе, сөз башынан болсун. 2007-жылы Байболов Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты болуп турган кезде, «Оберон» жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатуу менен шугулданган. Батир сатып алуу максатында Майрамбек Эгембердиев аттуу жаран Байболовдун сунушу менен «Оберон» салып жаткан үйлөрдөн батир сатып алууну чечип, дароо эле 103 миң 200 доллар төгүп берет. Эгембердиев менен Оберон ЖЧК ортосунда, мыйзамга ылайык сатып алуу келишими түзүлүп, кол коюлган.

Тилекке каршы, Майрамбек Эгембердиевдин "үйлүү болдум" деген сүйүнүчү көпкө созулган эмес. Тескерисинче, Эгембердиев чоң афёранын курмандыгы болот. Албетте, ал акчасын алдатып жиберем деп ойлогон эмес. Себеби, ал авторитеттүү депутат Байболовго ишенген, учурунда эл өкүлү ага кепилдик болуп берерин айтып ынандырган. Келишимде көрсөтүлгөн убакыт келгенде Эгембердиев же үйдөн жок, же акчадан жок талаада калгандыгын сезет. "Багы жокко дагы жок" дегендей, Байболов өлкөнүн башкы прокурору кызматына дайындалып калат дагы, шордуу Майрамбектин акчасын кайтарып ала турган үмүттөрүнүн баарын таш кабат.

Эгембердиев биринчи жолу укук коргоо органдарына кайрылганда, тергөөчүлөо «Оберон» жоопкерчилиги чектелген коомунун үстүнөн кылмыш ишин козгоодон баш тартышат. Албетте, тергөөчүлөр үчүн Байболов ким дагы, Эгембердиев ким? Айласы куруган Майрамбек Эгембердиев өткөн жылдын жай айында, өкмөттүн алдындагы ГСБЭПке арыз менен кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында «Оберон» ЖЧКсы 2011-жылы Эгембердиевге тиешелүү батирди Анар Уметалиева аттуу жаранга каттатып берилгендиги аныкталган.

Таң калтырган нерсе, эмне себептен Майрамбек Эгембердиевге тиешелүү батирди 2011-жылы Уметалиева Анар аттуу адамга каттап берип коюшуп, кайра 2012 жылы ЖЧК «Оберондун» жетекчиси Атаканова Эгембердиевге "үйүңдү беребиз, батир эч жакка качкан жок", деп ишендирип айткан? Ошондо эле, "батириңиз башка адамга берилип калды", - деп,103 миң 200 доллар суммадагы акчасын кайтарып берип коюшса «Оберон» мыйзам чегинде иш алпарган болмок. Эмне себептен, укук коргоо органдары Эгембердиевдин биринчи арызына кош көңүл карашкан? Көз боемчулук болуп жатканы, кашкайып көрүнүп турса да, тергөөчүлөр далилдүү фактылар жетишсиз деп ишти карабай коюшкан. Демек, кызматтык абалынан пайдаланып, тергөө жүргүзбөй шалаакылык мамиле кылгандыктары үчүн алар да жоопко тартылышы керек.

Ошентип, Майрамбек Эгембердиев 2018-жылы кайрадан арыз жазып, бул ирет прокуратурага кайрылат. Берилген арызынын негизинде, Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору Э.Э.Асакеев, ошол маалда тергөөчүлөр тарабынан чыккан токтомду шашылыш кабыл алынган деген тыянак менен жаңы токтом чыгарган. Эгембердиевдин үмүтү жаңыдан жанып келе жатканда, Байболов "менин бул коомго тиешем жок, ал мекемени менин күйөө балам башкарат", - деп кутулуп кеткен. Ал эми Эгембердиев болсо “Байболовдун түздөн түз тиешеси бар” деп какшап келе жатат. Көрсө, келишимге кол коюлуп жатканда да, акчасын санап алганда да экс-прокурор Байболов жанында болгон экен. Биздин окуянын каарманы жапа чеккен Эгембердиевдин сөзүн тастыктай турган күбөлөр да бар. Айтоор, Байболов өзү жалгызбы же күйөө баласы менен биргеликтеби, тааныш-билиштерин салып, пара берип, тергөөчүлөрдүн оозун басып, иш козголбой келе жатканы анык. Ал эми берейин десе акчасы, сүйлөшөйүн десе тааныштары жок, катардагы жараныбыз, минтип акыйкаттык издеп жүрсө, амалдуу экс-прокурор Байболов арам оокат менен байып, залимдик менен карапайым элдин укугун тебелеп жүрөт. Бүгүн болсо Майрамбек Эгембердиев массалык маалымат каражаттарынан жана укук коргоочулардан акыйкаттык издеп жүргөн кези.

Качкын Булатов, укук коргоочу

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости