www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-февралда Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондорундагы региондору боюнча алкоголдук рынокту жөнгө салуу башкармалыгынын Ош шаарындагы салык кызматы жанан салык төлөөчүлөр менен жолугушуусунда жергиликтүү жеке ишкер Гүлмира Бекташова арактын баасы көтөрүлгөндүктөн эл медициналык спиртти ичип жатканын билдирди.

Гүлмира Бекташова дарыканалардан спирттерди сатып алып, суу кошуп ичкен адамдарды көп жолу кезиктиргенин айтты. Ал мындай көрүнүштөрдүн себебин, аракка болгон баанын жогорулаганы менен түшүндүрдү. Эгерде андай спирттик ичимдиктерин ичкен адамдар ууланып калса, спирт ичимдигин саткан соода түйүндөрүнүн ээлери жоопкерчилик тартып калуусу мүмкүн деп кошумчалады.

«Айрым жерлерде спирт ичимдигин сатууга тыюу салып, аларга бааны жогорулаткан менен адамдар даарыканалардан медициналык спирттерди сатып алып ичип жатышат. Себеби алар эбак эле аракка көз каранды болуп калган. Арак сатып алганга каражаты жок. Мурда ууланып калса наркологиялык диспансерлер алып барып даарылачу. Бүгүнкү күндө андай болбой калыптыр. Мындай учурда спирт ичимдиктерин саткан дүкөн ээлери жоопкерчилик тартып калышы ыктымал. Ушул жагын да көзөмөлдөө зарыл», - деди ал.

Жыйынга келген башка ишкерлерлер Гүмира Бекташованын сөзүн коштоп, мындай көрүнүштөр Ош облусунун аймактарында да кездешип жатканын айтышты. Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондорундагы региондору боюнча алкоголдук рынокту мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгынын башчысы Марлис Жапаров бул көйгөйдү көзөмөлдөө кыйын экенин билдирди.

«Дарыкана кызматкерлерине кимге, канча, эмнеге саттың деген суроону коё албайт. Дарыканадан жарандар ар кандай себептерди айтып сатып алышы мүмкүн. Аны көзөмөлдөө кыйын. Биз ошол спирт ичимдиктерин саткан соода түйүндөрүн, аны чыгарган заводдордун чыгарып жаткан продукциясын көзөмөлдөө менен гана чектелебиз», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости