www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында, Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлерини басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын полковниги Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, Ички аскерлердин аскер кызматкерлери, ардагерлери жана чакырылган меймандар катышышты.
Салтанаттуу аземдин башында, иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ички аскерлердин ардагерлерин эскерүү менен “Баатырлар аллеясынын” өчпөс отуна гүлчамбар коюшту.
Андан кийин Ички иштер министринин жана меймандардын назарына 714 аскер бөлүгүнүн “ШЕР” аскер кызматкерлери тарабынан даярдалган кол уруш ыкмалары тартууланып, күжүрмөн техника жана курал-жарактын көргөзмөсү уюштурулду.
Салтанаттуу иш-чаранын андан кийинки бөлүгү Ички аскерлердин клубунду уланды. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ички аскерлердин штандартын Колбашчыга тапшырып, аскер кызматкерлерин куттуктоо менен төмөнкүлөргө токтолду: