www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чай кайнам

“Болушундай көрүн, көрүнүшүңдөй бол” деген Мевлананын жакшы сөзү бар. Гүлмира айымдын болушу ушу. Кандай роль берилбесин, майын чыгара иликтеп, изденип чыгарат. Бакен Кыдыкеева атындагы шааардык жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы менен бир чай кайнам убакытта баарлаштык.

- Түн канчалык караңгы болбосун алыстагы жылдыздар ошончолук жарык берип турары анык. Кайсы залкарлар менен бир сахнада ойноп калдыңыз?

- Чыгаан драматург Мар Байжиевдин “Окуя”  спектаклинде Майрашты ойнодум. Комедия  менен трагедия бир убакта болчу. Мурза Гапаровдун “Киотого кеткен жол” драмасында Болот Бейшеналиев менин атамды ойногон.  Меңди  Мамазаированын “Аппак аял айдай кыз” драмасында залкарларыбыз: Советбек Жумадылов, Ашыр  Чокубаевдер менен биргеликте аткарганмын. Корифейибиз Советбек Жумадылов көбүнчө терс каарманды жаратып элдин эсинде калса, жашоодо андан өткөн жумшак мүнөздөгү адам жок эле. Аябай жөнөкөй болчу. Аттиң дүйнө!..

- Түрк элинин драматургу Тунджер Джунженоглунун “Көч” пьесасын  коюлду режиссёр Эльвира Борисовна сахналаштырды. Сиз баш каармандарын бирин аткарыпсыз...

- Режиссёр кандай роль бербесин ошону каарманды сүйүп калышың шарт. Ошону изилдешиң керек. “Көчтө” тайнемдин мүнөздөрүнөн алдым. Ролду сиңирип, талдап чыккан  соң, керек болсо каарманыңды  актаганга чейин барасың.

- Мурза Гапаров почерки башкача драматург эле дешет...

- Драматург Мурза Гапаровдун “Киотого кеткен жолу” Назира Мамбетованын алгачкы спектакли эле. Ал спектаклде ойнобосом Мурза Гапаров ким экенин кандай адам экенин билбей калсам керек эле. Мындай жумшак мүнөздүү, мындай интелигентти көргөн эмесмин. Биздин спектаклди көрүп, мага карзина гүл берген эле,  гүлүн сактап жүрдүм.

- Сизди көпчүлүк “Айылдык болсок да тамакты кашык-вилка менен жейбиз” деген фразаңыз аркылуу тааныйт. Жашоодо дагы жөнөкөйлүгүңүздү байкадым. Мыкты талант менен адамгерчиликти бирдей алып жүрүү оорбу?

- Чындыгында кыйын, айрыкча эл көзүндөгү инсандарга. Драк деле канчалык мөмө берген сайын, ошончолук шактары ийилгендей, өнөр адамы канчалдык жөнөкөй болгон сайын, ошончолук аны эли барктап алат. Мен жөнүндө жаман сөздөр айтылып калса, бирөөгө бир жамандыгым жок болсо, эмне себептен ушинте беришет деп ойлой берчүмүн. Менин мүнөзүмдө ушак териштирген жок экен. Эгер менден катачылык кетсе мойнума алып, кечирим сурайм. Себеби мага ата-энем ушундай тарбия берген. Жалган жалаа, куру дооматтан кайтарымы бар,  сак болгула дечү. Акыреттин сурагынан корком, ошого жакшы жашап өтүүгө аракет кылам.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости