www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылына
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети:
— «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте түзсүн;
— Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону» иштеп чыксын жана бекитсин.
Булак: NazarNews.kg