www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 3-июлда «Медиа Форум» имаратынын алдында тынчтык митинг өттү. Анын ата башчысы болуп мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган топ катышты. Таанымалдардын арасында кыргыз элине жек көрүнө баштаган ЖК депутаты Ирина Карамушкина алдыңкы сапта турса, Анвар Артыков, Асель Кодуранова, жаш “мыкты саясатчы” Мээрбек Мискенбаев бар. Тилекке каршы бир дагы аттуу-баштуу саясатчылар көрүнгөн жок. Такталбаган маалыматтарга таянсак учурда кызматта турган айрым мамлекеттик кызматкерлер дарактын артынан колдоп жатканын уктук.
Ошентип кечээги митингден кийин социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, көпчүлүк Кыргызстанга стабилдүүлүк керек экендигин баса белгилеп жазды.
Ал эми Билим Берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын өпкө-жүрөгүн үзө чапкан, мыкты журналист кызыбыз Гүлмира Уметалиева өзүнүн социалдык тармагына:-“Жегени БУКА, жаткан жери, нерви Жука. Ура турганы Таш, Кантсин, иштебесе Баш!”-деп жазып чыкты.
Эске сала кетсек, Атамбаев маскаралап айтып жүргөн “чимкириктери” 27-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 103 добуш менен «экс-президент» макамын алып койгон.
Атамбаевдин бактысына жараша Амазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө “элдик штаб” түзүлүп, мурдагы президентти коргоого алышкан. Колдоого барган коомчулукка алдына бука союлуп, артына аш тартылды.
Булак: NazarNews.kg