www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Абитуриент - 2019» деп быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү республикалык жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгын колдоруна алып, жогорку жана орто окуу жайларынан кесип тандап турган кездери. Быйыл жылдагыдай эле жогорку окуу жайына жалпы республикалык тестирлөөдөн негизги тесттен 110, предметтик тесттерден 60 баллдан жогору алгандар тапшыра алышат. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Кабыл алуу өнөктүгү 8 - июлда башталат. ЖОЖдордун сапаты, рейтинги, бюджеттик бөлүмү, контрагы ж.б. ар кандай маалыматтар менен коомчулукка бөлүшүүнү туура көрүп отурабыз.
Алмаз Тажыбай, билим жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү:
«Бизде шыгына эмес, баллына жараша кесип тандашат» '
-Учурда бүтүрүүчүлөр үчүн республикалык жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып калды. Бүтүрүучүлөр кайсы окуу жайын тандоону билбей баштары маң болуп чурган учур. Негизи эле кайсы ЖОЖдорго талап жогору болууда?
-Жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып калды. Негизинен 11 - классты эле бүтүргөндөр эмес, 9 - классты да бүтүргөндөр кесип тандап турган учур. Бизде азыр жалпы 52 жогорку окуу жайлары бар. Анын 37си мамлекеттик окуу жайлар. Калганы жеке менчик. Негизинен жеке менчик окуу жайлардын баары контрактык негизде. Мамлекеттик ЖОЖдорго саналуу гана бюджеттик орундар каралган. Престиждүү, кайсы кесипти тандады, кайсы кесипке шыктуу, кайсы кесип колунан келет - ошого тапшырууга умтулуш керек. Мисалы, айыл чарба жагына кызыкса, айыл чарба академиясына, курулуш тармагы кызыктырса, техникалык университетке тапшырышы шарт. Бизде болсо жалпы тестирлөөдөн алган баллы кайсы окуу жайга жарайт, ошону караштырышат. Бишкектеги медициналык академияга тапшыргандардын саны көп болот. Андан соң Орто Азиядагы Америка университети, Кыргыз - Орус славян университети, ИИМ академиясы, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет, кыргыз улуттук техникалык жана кыргыз архитектура жана курулуш университеттерине ташпыргандар басымудуу болот.
Булак: АЗИЯnews