www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алекс Меликишвили:  Көп нерсе кыргыз бийлигинин азыркы кырдаалды кантип жөнгө салаарына көз каранды болмокчу. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанындагы жолдорду тороп-тосмолоо – мыйзамсыз аракет. Чагым да болушу мүмкүн деп ойлойм. Себеби өкмөт коомдук тартипти, мыйзамдарды коргоого жооп берет. Ички мекеме жолдорду тосмолоо мыйзамга каршы келерин расмий билдириши керек.

Ошол эле маалда тартип коргоо органдары жолду тазалоого киришсе, милиция менен Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп кетиши ыктымал. Эми өкмөттүн кандайдыр бир чара көрүүгө убактысы келди. Балким этият болуп, кырдаал өзү менен өзү басаңдашын бир аз күтүп турушу зарыл. Себеби Атамбаев ошончо көп адамды өз үйүндө кармап тура албайт. Ал үчүн да бул чыгашалуу болуп калат.

Алекс Меликишвили -Париждеги «IHS Markit» маалымат борборунун башкы талдоочусу.

«NazarNews.kg»

Последние новости