www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Экономикасы өтө начар, жумуш орун жокко эсе өлкөдө жашап жаткан айдоочуларга айыпты очойто салуу - бул кыйынчылыкта жашап жаткан өз элине кордук көрсөтүү.
Бир айда иштеп тапкан акчасы 2-3 айыпты гана төлөөгө араң жетип жатканы талашсыз. Машинасы жоктор «ырас кылды» деп кол чаап отурушат, бирок мындай «өз элин кордоо» бир күнү социалдык жарылууга алып келбей койбойт.
Эсиңиздерде болсо керек, электр энергаянын кескин кымбатташы, «телефондук ар бир чалууга 60 тыйын» деген «белгисиз» салык кошулушу төңкөрүштөргө жол ачып, (тапанчаның баскычындай) болуп, коомдо чоң социалдык жарылуу болгон. Дээрлик баардык өлкөлөрдө айыптын өлчөмдөрү ички дүң продукцияга, адамдардын жашоо шартына, төлөө мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат. Бизде эмнеге карап аныкталганы эч кимге белгисиз, өкмөт башчы да жөндөп айтып бере албайт. Орусияда айып 300 рублдан башталат, орточо айып 500 рубль. Алардын орточо айлык акысы биздикинен көп. Бишкекте бир ай машина айдаган адам, өтө аяр айдаганда жок дегенде сөзсүз түрдө эки же үч айыпка кабылат экен. Эрежени такыр бузбай айдаган айдоочу болбосо керек. Туура, айып салуу керек, бирок сызыкты басып токтогон үчүн 3000 миң сом айып салуу бул аша чапкандык эмеспи?
Балким үч миң сом чоңдорго аз эле сумма көрүнөттүр, а мен үчүн, мага окшогон кээ бир жарандар үчүн бул чоң сумма. Мындай чоң өлчөмдөгү айып салуу мамлекеттик казынаны толтуруунун жолубу, же башка бир өлкөнүн шылуундарынын капчыгын кампайтуубу, же өз элин кыйнап, кордообу?
Ким так жооп бере алат? Бир нерсе жасабасак болбой калды, кол куушуруп жата берсек, жакында булар «аптасына бир жолу жонуңардан кайыш тилип турабыз» деп чыгышат, «жаңы мыйзамын» бетине кармашып. Кимде кандай сунуш бар?
Булак: АЗИЯnews