www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадыр - барктары какшып калганын билбеген Чүйдүн аксакалдары бийликке кошомат кылуу менен Атамбаевге каршы «үрүп» алганга жарашты. Мындайлар Акаев, Бакиев бийлигинен бери ушинтип эле жаңталбастап келишет. Башка абройлуу интеллигенциянын каймактары үн катышса туура кеп болгонун билдирет элек. Ошентип, бийликке жагынуу менен оң - тетири кетишкен кошоматчылар тескери иш кылып атышканын түшүнүп атышабы?...
Мындан да кызыгы, Атамбаевди камакка алууга ИИМ негизги күч катары киришери, тилекке каршы, бул жактагы жетекчилер кайпактап атышканы, эртеңки күндөрүн ойлошкону, айтор, калчылдашканы менен кайсы жоону чабышат?
Айрым маалыматтар боюнча, Атамбаевди алууга ИИМдин оруң басары Алмаз Орозалиев кол баштай турганы, Чүй ОИИБнин начальниги Самат Курманкулов капталдан чыга турганы болжонуп атыптыр. Эгерде экөөнүн кимиси эрдик көрсөтсө, дал ошого генералдык чин даража ыйгарыла турганы айтылууда. А кокус иштери ийгиликсиз жолдо калып, максаттарына жетпей калышсачы? Андыктан, абай салуу керек. Азыр убакыт жөнөкөй эмес, жети өлчөп, бир кесүү шарт...
Булак: АЗИЯnews