www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа 20-июнда кайрадан Ташкентке келди.

Швейцариядагы “Mangeat Attorneys at Law” компаниясынын негиздөөчүсүн Фанни Маргаираз (Fanny Margairaz) жана Элис Парментье (Alice Parmentier) коштоп жүрөт. Үч адвокат 21-22-июнда Гүлнара Каримова менен жолугушаары пландалган.

Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы 2015-жылы беш жылга соттолгон жана учурда башка иш боюнча да тергөө жүрүп жатат.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстандын Башкы прокуратурасы менен кабарлашканда адвокаттарга "Каримова менен жолугууга эч кандай тоскоолдук жок" деп билдиришти.

Швейцариялык адвокат Грегуар Манжа Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун азыр абакта жаткан кызы Гүлнара Каримова менен биринчи жолу 2016-жылы декабрда жолуккан, бирок кийин 1,5 жылдай аны менен кездеше алган эмес. Ал акыркы жолу Каримова менен быйыл 25-26-апрелде Башкы прокуратуранын имаратында кездешкенин билдирди. Анда расмий Ташкент Каримова менен 21-22-июнда да жолугушуу уюштуруп берүүгө убада берген.

Гүлнара Каримова төрт жыл мурда, атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынган. Швейцариялык жактоочунун айтымында, биринчи эки жарым жылы ал үчүн оор болгон. Учурда ал Ташкенттен болжолу үч сааттай аралыктагы абакта жазасын өтөп жатат. Каримованын абактагы шарты жана ага карата мамиле Мирзиёев бийликке келгенден кийин бир аз да болсо жакшырган, өзгөчө быйыл коопсуздук кызматынын укуктарын кыскарткандан кийин алда канча оңолгон. Ага карабастан жактоочусу анын азыркы абалын “дагы деле оор” деп сыпаттады. Быйыл 25-26-апрелде Каримова менен жалгыз бир канча саат сүйлөшкөн адвокат Грегуар Манжанын белгилешинче, Гүлнара Каримованы анын ишиндеги белгисиздик абдан бушайман кылууда.

Кездешүү учурунда Каримованын маанайынын тез-тез өзгөрүүсү, чарчагандыгы жана дарынын күчү ага өз иши боюнча ой токтотууга тоскоол болгон.

– Бирок ал кайраттуу жана өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келе жатат, - деди адвокат.

Швейцариялык жактоочунун айтымында, Гүлнара Каримованын абалын өзгөртө ала турган жалгыз киши бул – Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ал ушул максатта мамлекет башчысы менен жолугушууну уюштуруп берүүнү сурап эки ирет өкмөттөгү аткаминерлерге кайрылган.

Грегуар Манжанын пикиринде, 2012-жылы Швейцарияда Гүлнара Каримовага жана дагы алты өзбекстандыкка козголгон кылмыш иши татаал. Ал бул иште Каримованын кызыкчылыгын эске албастан, конструктивдүү чечим табуу мүмкүн эмес. Бардыгына пайдалуу болгон мунасалуу келишимге келүү үчүн ушул күнгө чейин өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келе жаткан Гүлнара Каримова “компромисске барышы мүмкүн" дейт ал.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы былтыр 28-июлда берген маалыматка караганда, Гүлнара Каримова 2015-жылы августта, атасы тирүү кезинде эле Ташкент соту аны салыктарды жашыруу, уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана офшордогу компаниялардагы документтерди жок кылуу фактысы боюнча беш жылга соттолгон.

Кийин Гүлнара Каримовага каршы дагы бир кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ага алдамчылык, чет элдик валютаны жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу, кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу боюнча айыптар коюлган. Расмий маалыматтар боюнча, жалпы алты берене боюнча айып койгон бул кылмыш иши учурда тергелип жатат.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости