www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москвадагы «Экспоцентр» эң ири көргөзмө борборундагы «Продэкспо – 2021» 28 - эл аралык азык-түлүк, суусундуктар жана чийки заттар көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул жылы көргөзмөгө дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 1 миң 650 компания катышууда. Жалпы аянты 85 миң чарчы метрди түзгөн атайын көргөзмө жайларда тематикалык павильондор жана улуттук экспозициялар орнотулган.

Кыргыз компаниялары «Бакалея. Дан азыктары. Макарондор. Татымалдар, жыпар жыттуу заттар» секциясында өз көргөзмөсү менен жайгашкан.

Көргөзмөгө негизги тамак-аштар жана суусундуктар, даамдуу азыктар, ошондой эле органикалык, спорттук жана диеталык тамак-аштар коюлган.

Көргөзмө ушул жылдын 12-апрелинен 16-апрелине чейин өтөт жана презентацияларды, бир эле мезгилде сессияларды, бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды жана жеткирүү келишимдерин түзүү үчүн эки тараптуу В2В форматындагы жолугушуулардын мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости