www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева “Кабар” маалымат агенттигинде болуп өткөн “Укук кербени” долбоорунун маалымат жыйынында Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Жамгырчиева: “Баткен районунун Аксай айылындагы «Головной» суу сактагычындагы погранзаставадагы балдардын өтө оор маселесин баса белгилеп кетким келет. Ошол жерде служба өтөп жаткан балдардын жашоо шарты аябай оор. Ал жерде таза суу жок, балдар кезекке туруп жуунат, апрель айындагы кол салуудан кийин айнектеринин баары сынган боюнча турат. Заставанын тегереги зым тор менен курчалып турушу керек эле, ал жерде зым тордун ордуна таш тизип, чек араны чектеп коюшкан. Камчыбек Кыдыршаевич, ушул маселени өз көзөмөлүңүзгө алыныз. Көп деле каражат кетпейт, ушул балдарга өзүңүз көңүл буруп, маселелерин чечип беришиңизди өтүнөт элем”, - деп белгиледи Жамгырчиева.

“Укук кербени” долбоорунун алкагында акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлдөрүнүн кызматкерлери республиканын 7 облусунун райондоруна, шаарларына жана айылдарына барган. Бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө министирлер кабинетинен эртерээк чара көрүүнү жана ошого жараша аларды мүмкүн болушунча тез арада оңдоону талап кылган системалык бузуулар аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости