www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Имараттын 8-кабатынан секирген Мунарбек Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин жанына жолотпой койгон. Бул тууралуу министрлик билдирет.

«Социалдык тармактарда колдонуучулар ылдыйдагы тент жана атайын матрацтар эмне үчүн чоюлбай калганын сурап жатат. Бирок коопсуздук үчүн аларды сегизинчи кабаттан жогору колдонууга болбойт. Алар аны куткармак эмес. Теориялык жактан алганда, мындай жайларда коопсуздук торлору болушу керек. Жигитти альпинист жабдуулардын жардамы менен түшүрсө болмок, бирок ал эч кимди жанына жолоткон эмес», - деп түшүндүрдү ӨКМ.

Окуя болгон жерде алты куткаруучу, психолог жана жигиттин жакындары болгон. Маркум жигит атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушу бүтө элек имараттан Мунарбек кечээ күнү секирген. Төрт саатка созулган сүйлөшүүлөргө карабастан, аны сактап калууга мүмкүн болгон жок. Ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон. Борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында окуянын версиясын кийинчерээк жарыялоону убада кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости