www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШК шайлоо бюллетендериндеги партиялардын жана талапкерлердин катар номерлери үчүн чүчү кулак кармоо качан болоорун билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн бир мандаттуу чолкөмдөрдөн чыккан талапкерлердин жана саясий партиялардын тизмеси боюнча көрсөтүлгөндөрдүн маалыматтарын текшерүү аяктап жатканын тактады. Саат 24:00гө чейин бүтүшү керек. Андан соң БШК шайлоо бюллетендерине кире тургандардын тизмесин жарыялайт.
Чүчү кулак ойнотуу БШК тарабынан каттоо аяктаган күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде өткөрүлүшү керек.
Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система менен (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система менен шайланат.
Булак: NazarNews.kg