www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Мамлекеттик бажы кызматына Адилет Кубанычбеков төрага болуп дайындалды, анын «Silk Way» соода-логистикалык борбору жана башка дагы компаниялары бар экени айтылууда, бул жагдай күмөндүү ойлорду жаратып жаткандай...

-- Бажы кызматына келген Адилет Кубанычбековдун, биринчиден, мамлекеттик кызматта иштөө стажы жетпейт экен. Экинчиден, бажы кызматы менен тыгыз иштеше турган «Silk Way» соода-логистикалык борборун мурда жетектептир. Фирмалары дагы кийин түзүлүп, жалаң бажы тармагы аркылуу иштеше турган ишканалар экен. Мындан улам «ал өз компанияларына лоббилик кылбайбы?» деген суроо жаралат.

Бюджеттин негизги бөлүгүн берүүчү органга ушундай күмөндүү ой жараткан адамдын келиши кооптондурат. Дагы бир жагдай бар: Адилет Кубанычбековдун досторун изилдеп келсек, аны кызматка коюп жаткандардын балдары менен достук мамилеси бар экени чыгып калышы мүмкүн. Албетте, бул азырынча такталбаган маалымат, бирок жакын арада ачыкка чыгат болуш керек.

-- Алдын ала эле шектенүүлөрдү жараткан кадр бажы тармагындагы ачыктыкты камсыз кылышы мүмкүнбү?

-- Акылбек Жапаров бажыдагы көмүскөгө кетип жаткан акчаларды бюджетке түшүрүү аркылуу казынаны толтуруу пландарын айтып жатпайбы, бирок булар бир нерсени эске албай жатышат. Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) бизден кийин киргенине карабастан, Бажы биримдигине кирип жатканда ДСУдагы өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, Кытайдан чыккан миңдеген товарларды жеңилдетилген бажы алымдары менен алып өтүү келишимине жетише алган.

Буга ылайык, биздеги ири фирмалар Казакстанга кетип калган. Биздин бажычылар болсо Кыргызстанга уюмдун мүчөсү катары каралган жеңилдиктерди өздөрүнүн чөнтөгүнө салып, мамлекетке жетишээрлик каражат түшпөй, товар ташыган чоң компаниялар банкротко учурап, кошуна мамлекеттерге чыгып кеткен. Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө ошолорду коргоп чыга алабы? Маселе ушунда.

Бул биринчиси. Экинчиден, мурда Кытайдан келатканда товарлардын эки документи чыкчу («инвойс» деп коёт), бирөөндө чыныгы баалар, экинчисинде ушинтип башталган. Ушундай көз боёмочулуктар канчалык деңгээлде ачыкка чыгаарын көрө жатарбыз. Эгер бул схема бузулбаса, товарлардын Казакстан аркылуу келиши улана бериши ыктымал. Чындыгында Кытайдан чыккан товардын 75 пайызы Казакстан аркылуу өтчү, азыр ал товарлар Орусияга кетип жатат. Беш пайызга жетпегени эле Кыргызстан аркылуу жүгүртүлөт.

Бул жерде казактардын бажыканасындагы коррупция туурасында айтылууда, ошол эле Орусиянын түздөн-түз тийешеси бар, чогуу эле жеп жатышат. Эми ушуну Акылбек Жапаровдун ЕАЭБдин жыйындарында көтөрүп чыгууга чама-чаркы жетеби? Ал эми азыркы бажыга келген кадр менен канчалык деңгээлде мамлекетке акча түшөөрүн убакыт көрсөтөт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости