www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-  Бул фильмде башкы каарман болгон майып кыздын ролун жаратууну мага тасманын режиссёру Геннадий агай сунуш кылган. Ал кезде тасмага тартылуу тууралуу ой менде таптакыр жок эле. Бир күнү КТРКнын ашканасынан агайга жолугуп калсам, ал киносуна мени тартарын, бирок ал үчүн чачымды кырдырышым керек экенин айтып калды. Мен ойлонбой туруп дароо макул болдум да, ийинимди жапкан чачымды дароо эле кырып салдым. Агай мени: “Көзүңдө терең ойлуулук жатат, башыңдын формасы жакшы”, - деп тандарын тандап алып, эми актёрлук чеберчилигимден кабатыр болуп эки жума бою эртең менентен кечке чейин жанына алып жүрдү.

Жай мезгилинин саратан күндөрү жасалма чач кийип жүрүп башым ысып, резинкасы башымды кысып абдан жүдөп кеттим. Ошондо жасалма чачты алып ыргытып салууга туура келди. Анан менин жок чачым чоң талкуу жаратты. Анын айынан көчөдө баса албай калдым. Бара жатсам эле кармап алып, “ кызсыңбы же эркексиңби” деп урушкандар. Же сөөмөйү менен көргөзүп, күбүр-шыбыр болуп калышат. Өзүм да такыр көйнөк кийчү эмесмин. Ата-энем, туугандарым болсо айылда жашагандыктан, бул тууралуу эч кимиси билген эмес. Бир жолу иним шаарга окууга тапшыруу үчүн келип, мени издеп жумушума барыптыр. Ошондо бир кесиптешимен мени сураса: “Аа, жанагы чачын алдырып салган кызбы?” - дептир. Анда иним: “Сизди лакап кылып айтып жатышат”, - деп аябай намыстанып, ыза болуп алыптыр. Бирок ушундай талкуу жараткан чачым образды мыкты ачып бергенге жардам берди. 

Айгерим Токтобай кызы

Булак: "Леди кж"

Последние новости