www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Гүлжан, жакында сени "Курманбек Бакиевге барып келиптир" деген сөз тарады, өздөрү чакырдыбы?

- Ооба. Өткөн жылы сунуш айткан болчум. Февраль айында барып келдим.

- Алар менен кандайча байланышың бар?

- 2002-жылдан бери. Бир туугандай катышып келебиз. Мен, Курманбек Салиевичти ата деп койчум. Калгандары менен дагы жакшымын.

- Курманбек Бакиевден кандай өзгөрүүлөрдү байкадың?

- Эч кандай өзгөрүүлөрдү байкаган жокмун. Курманбек Салиевич менен 7 жыл көрүшкөн жокпуз, бирок жүзүнөн карылыктын издерин деле жок экен. Жакшы жүрөт. Тааныган-билгендерге салам айтты. Кыргызстанды сагынганы байкалып турат. Ар бир эле сөзүндө Кыргызстан жөнүндө айтып жатканда жүрөгүм эзилип кетти. Эмне дейбиз тагдырдын жазмышы. Кудай бешенеге эмнени жазса ошону көрөбүз да.

- Кыргызстандан качып чыгып кеткенине өкүнгөн жокпу?

- Менимче кайсы гана пенде болбосун, өкүнүү болсо керек. Менин пикирим боюнча Курманбек Салиевич бир эле качкын президент эмес. Аскар Акаевичден айрымачылыгы бар. Аскар Акаевич өлкөдө кыжыры кайнаган элден коркуп качса, Курманбек Бакиев Түштүктөгү июнь окуясында жарандык согуш тутануусуна аз күн калганда өлкөдөн чыгып кеткен. Бул албетте менин пикирим.

- Сага Курманбек Бакиев эмнелерди айтып берди....

- Көп жылдык жолушууда, албетте, өткөн кеткенди эстейсиң. Каза болгон атамды сурап, ага куран окушту. Атамдын Курманбек Бакиевге айткан осуяты бар болчу, аны айттым. Курманбек Салиевичдин жүзүнөн Кыргызстанга болгон кусалык байкалып турат. “Чоң нерсенин карааны алыстан көрүнөт” дегендей, ал киши Кыргызстандын таза абасына, кооз жаратылышына, туулган жерине сагынычы күч экени байкалып турат. Албетте бул жерде ачуу чындыкты айтыш керек, өлкөдөн чыгып кетип, Курманбек Салиевич жыргап кеткен жок, бийликке кан менен, аянтта ант ичип келген Убактылуу өкмөт деле эч нерсени жыргаткан жок. “Курманбек Бакиев жыргап кеткен жок” десем туура эмес ойлоп албаңыз. Эми мындай караганда, Курманбек Бакиевди саясый каршылаштары Кыргызстан үчүн эмес, “бийлик” үчүн революция кылганы баарына эле түшүнүктүү болуп калды.

- Демек, сенин оюңча ал киши күнөөлүү эмес...

- “Балким, башка адамдар сыяктуу эле мен деле сынга алууга татыктуу чыгармын, бирок, бир беткей, кара ниеттик менен көөлөп жамандоо чектен ашып кетти”, - деп Курманбек Бакиев өзү айткандай, чындыгында Бакиевди каралоо чектен ашып, ар бир нерсеге эле күнөөлөй берип, акыры эл өзү бийликти шылдыңдап калышпадыбы: “мышыгым өлдү Курманбек Бакиев кылды”, “жаан жаады, Курманбек Бакиев  күнөөлүү”, деп...Ошол эле учурда мен бул кишини “күнөөлүү же күнөөлүү эмес” дегенден алысмын, анткени сот эмесмин да. Ким ак, ким кара тарых калганын өзү тастыктайт. Кыргызда: “бирөөгө күлсөң – өзүң ыйлайсың” деген кеп бар го, андыктан эки тараптын тең саясый жарышы маарага жетпей ийгиликсиз болуп калды да, келген бийлик дагы саясый жүрүштө алсыздыгын көрсөттү. Тактап айтканда, кеткени дагы, келгени дагы бири-бирине карап, сөөмөй кезеп күлө албайт. Бирок кашкайган чындыкты айтып коюш керек, Курманбек Бакиев алгачкы 3 жылдыкта митинг-пикет тынымсыз болуп турганына карабай аябай жакшы иштеген.

- Бакиевге жактоочу болуп алдыңыз окшойт, саясат тууралуу эмнени сүйлөштүңөр...

- Жактоочу деле болгон жокмун, эми экономикалык көрсөткүчтөрдү элдин эсине салып койдумда...Саясат тууралуу кеп болду албетте. Курманбек Бакиевге таң калганым, ал өзүнүн саясый каршылаштарына түк жаман сөзүн айтканын уккан жокмун. Эми айткан менен пайда жок, Атамбаев менен Текебаевдин парламенттик бийлик реформасын түзүүнү каалагандардын жыйынтыгы баарына маалымда, “ак чайнекте көк капкак, көк чайнекте ак капкак”, ушундай эле болуп калды ток этээр жерин айтканда. Курманбек Бакиев менен саясат тууралуу кеп-сөз болгондө Өмүрбек Текебаевди айтып саамга ойлоно түшүп, “баарына Кудай бар” деп эле койду. Алмазбек Атамбаев боюнча болгону, “Алмаз, ак көңүл жигит” деп жылмайды. Мен башында айтып кеттим го, Курманбек Салиевичдин оозунан бирөөнү жамандаганын уга элекмин. Чындап айтканда саясат жөнүндө чечилип, мага эч нерсе деле айткан жок, анткени мен чоң саясатчы эмесминда...

- Сен Курманбек Бакиевди жакшы көрсөң, Алмазбек Атамбаевге пикириң кандай?

- Өз атамды кандай урматтап сыйласам, Курманбек Салиевичди дагы ошондой урматтайм, бир туугандарын дагы. Ошол эле учурда Алмазбек Шаршенович жөнүндө айтып атасыз, өткөн жылы “NazarNews” маалымат агенттиги 54 мамлекеттин катарында чакырылып, 360 журналист Түркияга барганбыз. Ошондо журналисттер Алмазбек Атамбаев жөнүндө менден көп сурашкан. Мен Кыргызстандын президентин эмнеге жамандашым керек, Атамбаевди аябай мактаганмын. Башка эмне кылам, айла, арга жок. Эми саясый күрөштө бирөөсүн өтө мактап, бирөөнү жамандагым келбейт. Бул көрүнүштү саясат деп коёт. “Жаманды көрбөй, жакшынын баркын билбейсиң” деген кеп бар. Бир күндөрү Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиев бир үстөлдө чай ичип олтуруп калышы толук мүмкүн. Ортодо баягы эле биз өзүбүз калабыз. Ошондуктан өзүңүз айткандай, бир аткаминерге жактоочу болуштун такыр кажети жок. Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн кайсы бир аткаминерге жакын болсоң, жанында кошоматтана бербестен, ачуу чындыкты айтып жеткирип турсаң, ошол аткаминер бүгүн сени түшүнбөсө убагы келгенде сөзсүз түшүнөт.

Андыктан кара башыңдын кызыкчылыгы үчүн кайсы бир аткаминердин калдайган күнөөсүн катыра жаап, ага жасакерленип такыр кереги жок. Бул көрүнүштүн өмүрү кыска жана арты өкүнүчтүү.  

- Калк арасында Курманбек Бакиевди “ичип кетиптир” деген сөздөр тарады эле?...

- Эми, “ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр” дегендей, ар ким ар кандай сөздөрдү айтат. Бирөөнүн пикири менен талашып да кереги жок. Анын дабасы бир эле нерсе –унчукпоо. Курманбек Бакиевдин ден соолугу мыкты, көрдүм. Кудай буюрса, 2019-жылы 70 жашка толот. Бирок Курманбек Салиевич, 58-60 жаштардай көрүнөт.

- Бакиевдерге го барып жолугуп келиптирсиң, эми сени кимдир бирөөлөр коркутса эмне кыласың?

- Мени атам ырааматылык жашоодо баардык нерсеге тике кара деп өстүргөн. Андыктан мен өлүмдөн коркпоймун, өлүмдөн акмактар гана коркот. Анткени адамдын өмүрүн Кудай гана алат. Кудай мага канча күн берсе ошону жашап тура берейинчи...

- Курманбек Бакиев, Кыргызстанга качан келем дейт?

- Эртеңки күндү эч ким билбейт го... Андыктан ал киши “мынчасы күнү барып каламын” деп деле айткан жок. Бирок Кыргызстанды сагынганы даана байкалып турат. Курманбек Салиевич, “Беларусь Республикасынын жарандары коомдук жайларда өзүн алын жүрө билет, бир дагы катуу чыккан үндү укпайсың, кимдир бирөөлөр ачуулана талашып, же сөгүнүшү, же спирттик ичимдиктерди ичип алып, коомдук жайларда жаңжал чыгарышы мүмкүн эмес. Белорустар өз өлкөсүнүн мыйзамдарын сыйлаган адамдар, алар өз бийликтерин жана өлкө президенти Лукашенкону сыйлашат. Биз дагы бийлик түзүмдөрү менен элдин ортосундагы ушуга окшогон модельге умтулушубуз керек. Такай эле карама-каршылыкта тура бербей, бири-бирибизге жардам берип, колдоого аракет кылышыбыз керек, деди. Көрдүңүзбү, Курманбек Салиевич чет өлкөдө жүрсө дагы, каршылаштарын “сыйлагыла” деп жатат. Бул накта айкөлдүк десем болот. Ал киши мага ар качан “Алмазбек Шаршеновичтин жеке сапатына тийишпе, мамлекеттин кызыкчылыгын колдоп, далил болсо гана ачыкка жаз” деп ушул күнгө чейин айтып келет.

- Кайра качан барасың?

- Билбейм, Кудай билет. Баса, мен барган келишим боюнча Курманбек Бакиевге суроо бербешим керек эле. Бул жерде мен “кыргызчылык” кылып келишимди буздум. Курманбек Салиевичге кайрылып, “сизге суроо берсем болобу? – десем, “албетте болот” деди. Минтип айтаарын айтып алып, Жаныш Бакиевдин реакциясы кандай болду экен акырын карап койдум... "Курманбек Салиевич, сиз Алмазбек Атамбаев менен мамилеңиз жокпу? Анткени Алмазбек Шаршенович Сиздин саясый каршылаштарыңыздын баардыгын саясаттан изин тазалап берди?” деген суроом жоопсуз калып, болгону мени таңгалуу жана билинер-билинбес жылмаю менен карап койду. Мен акырын Жаныш Бакиев тарапты карасам, ал киши Курманбек Бакиевди карап турган экен...

Бекбол Айдаров

Булак: АЗИЯnews.kg

Последние новости