www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат Алматы" (Казакстан) командасы менен УЕФАнын Европа лигасы мелдешиндеги дебюттук оюнунда гол киргизди. Бул тууралуу казакстандык клубдун Instagram баракчасына  жарыялады.

Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдештеринде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу болуп калды. 

"Гүлжигит жана Ко" Армениянын "Ноа" клубу менен ойноду. Эсепти армениялыктар 9-мүнөттө ачкан. Беттештин 12-мүнөтүндө "Кайраттын" кыргызстандык футболчусу Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, эсепти теңеди (1:1). Жыйынтыгында алматылыктар 4:1 эсебинде утуп, мелдешти ийгиликтүү башташты.

Аталган мелдештин негизги стадиясына чыгуу үчүн Гүлжигиттин казакстандык клубу дагы эки тандоо туру жана плей-офф баскычынан ийгиликтүү өтүүсү керек.

Европанын абройлуу уюмунун мелдештеринде ойногон кыргызстандык футболчулардан болсо, Алыкулов үчүнчү сапка жайгашты.

Эске сала кетсек, улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдешинин баштапкы (квалификация) этаптарында ойногон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости