www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Гүлжигит Исаков менен элди торуган илдеттин алкагында пикир алыштык.

--Ааламды каптаган илдеттен кыргыздар да куру калган жок. Аныны кесепетинен бул дүйнө менен кош айтышкандардын саны санаркатат. Мындай учурда өкмөттүн катачылыгын айтып сындашыбыз керекпи же абалдан чыгып алалы деп тилибизди тишибизге катканыбыз туурабы?

--Сынды туура кабыл алып, кетирген катаңдын кайсы жеринен кайтсаң, ошондон беркиси пайда болуп эсептелет. Айтылбаса, кантип билебиз каталарды, шалаакылыктарды жана кылмыштарды?  

Адам баласы болгон жерде пикир сөзсүз айтылат. Элди тоготпой, өзүм билемдикке салып, сырттан таңууланган саясатты жүргүзүүнүн жоопкерчилиги эртеби, кечпи, баары бир суралат жана жооптуулар жоопкерчиликке тартылышат, Кудай буюрса!

--Өкмөттүн шалаакылыгына көз жумуп, дүйнөнү каптаган апааттын кеспетинен ушундай иштер болду деп кечирим кылсак болбойбу?

--Дарыгерлердин, элдин илдеттен каза болгонуна, Кылмыш Жазык Кодексинде "шалаакылык" деген берене бар. Ал сөзсүз иштеши керек! Убагында туура жүргүзүлбөгөн саясаттын кесепеттери сөзсүз түрдө изилдениши зарыл. Жөн койгон болбойт. Кылмыштар жоопсуз жана жазасыз кала берсе, хаос чыгып кетпейби?

Мисалы, көйнөктү башынан туура эмес топчулап алсаңыз, аягына чейин туура эмес топчуланат. Туура эмес топчулаганы да эң аягында билинет. Бизде дагы ошондой болуп жатат. Убагында өтө көп туура эмес саясат жүргүзүлгөн. Анан, кадрлар компетенттүү эмес. Анан кантип булардан жакшы чечимдерди күтсө болот, эгер баштары жетпесе? Баштары жетсе дагы эрктери жетпесе?!

--Премьер министр шайлоого деген каражатыңарды илдет менен күрөшүүгө бергиле деп партияларга кайрылды. Ошондо илдет менен күрөшүүгө салым кошкон партиялардын эмгеги шайлоодо эске алынабы же бул сунуш эптеп абалдан чыгуунун жолубу?

--Ой келди, чалды-куйду саясат жүрүп жаткан учурда утурумдук, ситуативдик сөздөр көп айтыла берет. Импотент бийликтен дагы деле бала күтүп отурабыз! Элдин аң сезими ойгонушу керек ушундайда. Популизм өтпөй калды. Ушундай кырдаалда баарынын беткабы түштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости