www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туруктуулук өнүгүүнүн башаты экени маалым. Азыркы учурда туруктуулук болбогондуктан, коомдогу баалулуктарга кол салынгандыктан, өсүп жаткан муунубуз БААЛУЛУКТАРГА таянууда аксоодо. Кайсы бирине таяна турганын билбеген жарандарыбыз, иллюзияга көбүрөөк берилип кетишүүдө.
Өсүп жаткан муун таяна турган баалулуктардын өзүнө кол салуу бар. Диверсия бар. Коом үчүн жасала турган жумуштарда дагы туруктуулук байкалбайт. Маселен, бирөө бир тармакты изилдеп, ошол багытта ютубда канал ачып, социалдык медиага көптөгөн берүүлөрүн чыгара баштайт.
Башында жакшы кетет. Бир ойлоп коёсуң, эртең кайсы жерге барып токтойт болду экен деп. Өлкөбүз азырынча кичинекей болгон соң, тез арада таанылып, кыска убакытта жасаган "секиригин" туруктуулук менен коомдун пайдасына жумшоонун ордуна, туруксуз бир нерсеге же убактылуу бир мансапка "конвертациялоону" туура көрүшүүдө. Бул көрүнүш, айрыкча, шайлоо учурунда күч алганы байкалат.
Шайлоо учурунда тиги же бул талапкерге же саясий топко тартып, же азыркынын мода тили менен айтканда алар менен чогуу "аттанып", өзүнүн негизги ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүп, коомдун кызыкчылыгына болгон туруктуулукка балта чаап, убактылуу нерсеге алданып калышууда. Бир багыт менен кете берсең, принципиалдуулукту кармансаң, сени издегендер өздөрү эле таап алышат.
Жаш эле туруп былтыры эмне үчүн башкасы менен шайлоого бардың? Быйыл эмнеге башкасы менен барып жатасың? Быйыл башкасы менен барсаң, былтыры эмне үчүн такыр "ажырашпай" тургансып сүйлөнүп жүрдүң?
Ыйманды каражат катары шайлоодо кармана турган болсоң, аны эмнеге амалга айлантпайсың? Ал бир эле сага таандык нерсе эмес да? Ал универсалдуу! Ал риторикаларда эле жашабайт. Ал амалга айланганда гана сенин мүнөзүңдүн бир бөлүгүнө айланат.
Мекенди коргоо, чек араны коргоо - ыйык милдет. Бир эле курал менен эмес, башка платформаларда дагы коргосоң болот.
Өлкөнү сызга батыргандарга карманган ыйманың ҮН КАТТЫРЫШЫ КЕРЕК! Сенден ал үн катуу болбосо, кечирип кой, сен жөн эле ыйманды беткап катары колдонуп жүргөн соодагерсиң! Ыйманың үнүңдү өктөм чыгартышы керек ошончологон ачык эле болуп жаткан акыйкатсыздыктарга!
Же калемиң курч. Калемиңдин курчтугун элге таанылгандан кийин бир көпөскө ийилип берүүгө жаратсаң же "калемиңди ижарага бере койсоң", кечирип кой, коомдун туура эмес багытка бурулушуна сен чоң салым кошкон болосуң. Коом сенин калемиңди дагы деле курч деп билет. Ошондой ойдо болот. Сенин "тандоо жасаганыңдын" түпкү маңызын көпчүлүк эл биле бербейт. Убакыт өтөт. Чындык ортого чыгат. Сен "калемиңди башкасына ижарага бере бересиң", ал эми элдин шору катканы каткан. Бирок бул деле көпкө узабайт.
Өмүр бою чындыкты чыркырасаң, ал үчүн курмандыктарга даяр болсоң, үзүрүн көрөсүң. Сени баалагандар сени издеп табышат.
Көптөгөн тармакта ушундай болууда. Коррупцияга каршы күрөшөм деп таанылып, бир уурунун этегине карманып кеткендер бар. Бул, биринчиден, өзүн сыйлабагандык. Экинчиден, коомду сыйлабагандык. Үчүнчүдөн, теманы дискредитациялаганга жатат.
Ошондуктан, туура баалулукту кармануу маанилүү жана ал багыттагы туруктуулук коомдун кызыкчылыгына жооп берет.
Гүлжигит Исаков, активист
Булак: NazarNews.kg