www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-ноябрда белгилене турган Басма сөз күнү менен байланыштуу, кечээ күнү президент Садыр Жапаров журналисттер менен жолугуп, Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай коркунуч жок, журналисттер эмне кааласа, ошону жаза берсе болот, министрлер кабинетинен эч ким журналисттер менен соттошпойт, алар эч нерседен коркпой эле койсо болот деп билдирди.

Бирок июль айында Жогорку кеңеш «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алган. Андан бир ай мурда, июнда, ошол эле мыйзам ошол эле парламентте өтпөй калган, ошондуктан Жогорку кеңеш ага 6 айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин гана кайрыла алмак, бирок бир айдан кийин эле кайра карап, кабыл алды жана августта президент ага кол койду.

Бул мыйзамга ылайык, кайсы болбосун аткаминер – мен тууралуу жалган маалымат таратылды деп кайрылса эле, интернет-сайттын ээлери андай маалыматты 24 сааттын ичинде сайттан алып салууга тийиш. Арыз жазып, сотко кайрылуунун деги эле кереги жок болуп калып атпайбы?

Последние новости