www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“NazarNews” маалымат агенттиги коомдук ишмер Гүлжигит Исаков менен байланышып, өзгөчө кырдаалда да мамлекетибиз үчүн пайдалуу иштерди жасап  алса болоору тууралуу сүйлөштүк.

--Гүлжигит мырза, өкмөттү  шалаакы деп сындагандар четтен чыгат. Ал турсун премьер-министр кызматтан кетиши керек экенин айткандар арбын. Коронавирус бийликтин бетин сыйрып, болгон дараметин көрсөтүп койду. Эми абалдан кантип чыгышыбыз керек? Кайсы маселелерди чечишибиз керек?

--Негизи алдын алуу иштери азыркыдай кымбат эмес, арзанга турмак. Ошондой эле бул илдет Кытайда башталганда эле дүйнө элдери эң көп каттаган жактарга өкмөт тарабынан убактылуу чектөө киргизиши керек болчу. Аны менен эле тим болбостон, эки негизги аэропорттон жана унаа жолдору менен Кыргызстанга киргендерди иш жүзүндө көзөмөлгө алууну күчөтүш  керек болчу, көзөлдөмүш болбой. Керектүү жабдыктар менен камсыздоонун камын эбак эле көрүшү керек болчу. Тээ башынан эле  чек араларды жаап, бекемдөө зарыл эле. Мына ушул жагдайларга учурунда маани берилбегени  үчүн абалыбыз оорлоду. Болоору болуп, боёсу канды.

Эми өкмөт  илдетке каршы тесттен өтүүчү аппаратарды жеке ишкерлердин дагы алып келүүсүнө уруксат бериши керек. Ар бир ишкана өзүнүн жумушчуларын тесттен өткөрүүгө милдеттендирилип, өзгөчө кырдаалды калтырып, ички экономиканын жанданышына, катаал шарттарды жумшартууга барышы керек. Учурдан пайдаланып, Тажикстан менен болгон чек ара жабылышы зарыл. Рычагдарды колдонуп, чек ара маселесин чечүүгө бел байлоонун мезгили келип жетти. Ички ресурстарды, тагыраак айтканда, элдики болгон кен-байлыктарды элге кайтаруу үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кен-байлыктар биздики болсо дагы, мамлекетибиздин үлүшү 0% болгон ишканаларды кайра карап чыгуу зарыл.

--Өзгөчө абалды да пайдалуу жакка пайдаланса болобу?

--Албетте, болот. Көп маселелерди оң жагына чечип алууга, өзгөчө абал (ЧП)  шарт түзүүдө. Ушул убакытка чейин коррупциялык жолдор менен берилип кеткен кен-байлыктарды кайтарып алуу үчүн мындан башка шарт түзүлөөрү белгисиз. Өзүбүздө жетишерлик байлык турса дагы ага ээ боло албай дүйнө жүзүнө жалдырап, ким эмне берет деп отурганыбыз акылга сыйбаган иш! Бул кырдаал тышкы соодада импорттун көлөмүн жок дегенде 50%га түшүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Импорттун ордун толуктай турган ички керектөөгө жана өндүрүшкө басым жасашыбыз керек. Чет өлкөлөрдөн келип биздин жарандардан ээлеп алган 500 000ге жакын жумуш орундарын өзүбүздүн чет өлкөдө жумушсуз калган жарандарыбызга кайтарып беришибиз зарыл. 1,5 миллионго жеткен мигранттарыбыздын жок дегенде 1/3 ушундай жол менен өзүбүздө жумуш менен камсыз болсо, калганына жаңы жумуш орундарын түзүү импорттун ордун толуктоо аракеттери менен ишке ашырсак болот. Ал үчүн "өлбө жаным өлбө", "тааныш-билиш, куда-сөөк, бажа", "ууру болсо дагы өзүбүздүкү" деген менталитеттен арылган, элдик ишеним өкмөтү түзүлүшү зарыл. Учурдагы өкмөт кесипкөй болбогонун далилдеди. Өкмөттүн мүчөлөрү алмашып отуруп, өкмөт башчысы менен эле анын биринчи орун басары эле алмашпай келбесе, калгандары кетишти. Демек, бул өкмөт иш жүзүндө алмашты! Жөндөмсүздүгүн көрсөттү! Саясий атаандаштыкты бир жакка жыйыштырып, интригаларды жана непотизмди коюп, саясий көз караштары туура келбесе дагы иш билги, таза жана мамлекетчил адистерден турган топту өкмөткө чакыруу зарыл. Андерсендин жомогундагыдай "жылаңач король" баарына белгилүү болуп калды. Баары аны моюндады. Илдет биздин чыныгы абалды ортого олчойтуп чыгарып койду...

--Узакка созулган карантинден улам азык-түлүк жетишсиздиги башталды. Ошон үчүнбү гумжардам алуучулардын да саны көбөйдү. Башка максатта айтса да Жалал Абад облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү сөз арасында “гумжардам алгандар тилемчиликке туура келээт” деп балп эттирди. Аны улай Бишкек шаарынын мэринин пресс катчысы да “көп балалууларды жек көрөм” деген пост жазып, коомчулуктун сынына кабылды...

-Мындай абалда гумжардам сурагандардын шартын карап көрүү керек. Чын эле жардамга муктаж болсо бериш керек. Элди  "тилемчи" деп айтуу туура эмес. Колунда болуп туруп, калп эле өзүн колунда жок кылып көрсөтүп, гумжардам алса  чынында эле жардамга муктаж болгондордун акысын жеп койгон болот.

Кызматта иштегендер чындыкты чагылдырган документтерге жана факттарга таянганды үйрөнүшү керек. Ошондой эле жардам сураса эле жаман көрүп, көп балалууларды жек көрө бербешибиз керек. Абал турукташса эле жардамга муктаждар өз оокатын өздөрү эле кылып калышат. Жардамды чөнтөктөрүнөн берип аткансыбай элге түшүнүү менен мамиле кылышы керек. 

Булак: “NazarNews.kg”

Последние новости