www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Екатеринбург шаарындагы ооруканадан COVID-19 инфекциясы менен ооруган санитарка качып кетти. Бул тууралуу Life Shot Телеграм-каналы билдирди.

Маалыматка ылайык, Екатеринбургдун №40 Шаардык клиникалык ооруканасында санитарка болуп иштеп жүргөн Ильвирадан коронавирус аныкталган. Аны ошол эле ооруканага жаткырышкан.

Жакында карантин аяктаганга чейин, аял медициналык мекемеден чыгып, үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүү үчүн өзү жашаган Екатеринбургга жакын жайгашкан айылга барган.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин Ильвиранын качып кеткени билинип, үйүнө дарыгерлер менен полиция кызматкерлери келишкен. Санитаркадан тышкары, ооруканага анын жакындары да алып келинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости