www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул тапта коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткан адамдардын ичинен 12синин абалы оор, алтоо реанимация бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Учурда ооруканада 371 киши жатат. 12 жарандын абалы оор, алтоосу реанимацияда. Калган 359 адамдыкы орточо жана канааттандырарлык деп бааланууда”, — деди министрдин орун басары.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости